www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2026-жылдын 16-апрелинде Бишкек шаарынын базарларында эт бааларынын негизсиз жогорулашына жол бербөө максатында эт сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын, Ленин райондук администрациясынын, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, ошондой эле «Кыргыз Агрохолдинг» ачык акционердик коомунун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында Ош базарынын аймагындагы эт саткан соода түйүндөрүнө текшерүү жүргүзүлүп, ишкерлер менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Анда бааларды негизсиз жогорулатпоого жана калкты жеткиликтүү баада сапаттуу эт менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары, Ленин районунун аймагында социалдык баада эт саткан соода түйүндөрүнүн ишмердүүлүгү талдоого алынып, «Кыргыз Агрохолдинг» ААК тарабынан этти социалдык баада сатуу үчүн күркөлөрдү ачууга бөлүнгөн жер тилкелери, ошондой эле көчмө соода түйүндөрүн (фуд-трактарды) жайгаштыруу үчүн сунушталган даректер жеринен каралды.

Жыйынтыгында, калкты жеткиликтүү баада эт менен камсыз кылуу максатында кошумча социалдык соода түйүндөрүн уюштуруу пландаштырылууда.

 

Последние новости