www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте эт жана азык-түлүк товарларынын бааларын көзөмөлдөө боюнча рейддер өткөрүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейдге Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, Бишкек шаардык ветеринардык кызматынын адистери, салык жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери да катышууда.
Анда өзгөчө эттин баасын негизсиз жогорулатпоого, эт азыктарынын сапатын тастыктаган документтердин болушу, ошондой эле соода жүргүзүүдө санитардык эрежелердин сакталышын текшерүүгө көңүл бурулуп жатат.
Соодагерлерге бекитилген баалардын так сакталуусу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Баалар боюнча талаптар бузулган учурлар аныкталса, жарандар төмөнкү байланыш номерлерине кайрылса болот:
Мэриядан белгилешкендей, эттин баасын негизсиз жогорулатуу фактылары аныкталса, жооптуу жактарга мыйзамдарга ылайык чаралар колдонулат.