www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте электр энергиясынын авариялык өчүшүнө байланыштуу суу алуучу курулмалардын иши убактылуу токтотулуп, анын кесепетинен шаарга суу берүү үзгүлтүккө учурады.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы билдиргендей, электр энергиясы калыбына келтирилгенден кийин суу берүү этап-этабы менен жандандырылат.
Себеби басымды көтөрүүчү насостук станциялар кол менен ишке киргизилет.
Саат 15:30га карата суу алуучу объектилерде электр энергиясы акырындык менен калыбына келтирилип, адистер жабдууларды кайра ишке киргизүү иштерин башташты.
Муниципалдык ишкана шаар тургундарын жаралган кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырып, суу менен камсыздоону мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө толук калыбына келтирүү үчүн бардык зарыл иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.