www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ Бишкекте мыйзамсыз курал-жарак жана ок-дары сактоого шектелген жаран кармалганын маалымдады.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери Махатма Ганди менен Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Corolla үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Текшерүү учурунда жүргүнчүлөрдүн биринин спорттук сумкасынан эки тапанча, ок-дарысы бар автоматтык курал, жылмакай ок атуучу куралдын кесилген түрү, төрт үн гранатасы, беткап жана камуфляж кийимдери табылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси ("Курал-жаракты жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") менен кылмыш иши козголду.

Шектүү 1983-жылы туулган, мурда бир нече жолу соттолгон жаран экени маалымдалды. Анын айтымында, болжол менен төрт жыл мурда кримтөбөл катары белгилүү Дөө Чыңгыз (Чыңгыз Жумагулов) андан бул сумканы убактылуу катып коюуну суранган. Сумканын ичинде курал бар экенин көргөндөн кийин ал аны токой четине көмүп койгонун, кийин Жумагуловдун кармалып, андан соң каза болгонун укканын билдирген.

Алынган курал-жарактар соттук экспертизага жөнөтүлдү. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Последние новости