www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-2-3-майда Бишкек шаарында социалдык маанилүү азык-түлүк продукциясынын жана керектелүүчү товарлардын жарманкеси өтөт.

Жарманкени Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги уюштурууда.

Жарманке саат 09:00дөн кечки саат 19:00гө чейин уланат. Иш-чаранын максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат. 

Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт. 

Суроолор боюнча министрликтин кызматкерине байланышсаңыздар болот: 0702 702 000. 

Последние новости