www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте бир катар көчөлөрдүн аталышы өзгөрөт

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары бир нече көчө жана проспекттердин аталышын өзгөртүү жана бириктирүү боюнча жаңы тартипти колдошту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өзгөртүүлөр шаардын дарек системасын жөнөкөйлөтүү жана кайталанган, үзүлмө аталыштарды жоюу максатын көздөйт.

Жаңы чечимге ылайык:

Айтматов жана Манас проспекттери биригип, Айтматов проспектиси болуп калат;

Фучик жана Васильевский тракт Манас проспектиси болуп өзгөрөт;

Лев Толстой жана Путепроводная көчөлөрү Шабдан Баатыр көчөсү болуп аталат;

Абдрахманов көчөсү Абдрахманов, Байтик Баатыр жана Элебесов көчөлөрүн бириктирет;

Жибек Жолу проспектиси Ленин, Победа жана мурдагы Жибек Жолу проспекттеринин ордуна калат;

Курманжан Датка көчөсү Курманжан Датка жана 7-Апрель көчөлөрүнүн ордуна колдонулат.

Мындан тышкары, дагы он чакты көчө жана проспект бириктирилип, жаңы аталыштар берилет.

Вице-мэр Азамат Кадыровдун айтымында, Барпы Алыкулова көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейинки бөлүк Аалы Токомбаев көчөсү аталышын сактап калат, ал эми Чортеков көчөсү Масалиев көчөсү болуп өзгөрөт.

Последние новости