www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев бүгүн, 19-декабрда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн балдар үчүн салттуу жаңы жылдык балаты майрамына катышты.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 1100 бала чакырылган. Алардын арасында окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматкерлеринин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар жана башкалар бар.

Балдага балдардын бий топторунун тарбиялануучулары даярдаган "Кесиптер шаары" аттуу театралдашкан музыкалык жаңы жылдык оюн-зоок тартууланды.

Майрамдык аземдин катышуучуларын Мамлекеттик катчы куттуктады.

“Силердин араңардан 39 окуучу эл аралык олимпиадаларда алдыңкы орундарды ээлешти. Силер менен чогуу окуган балдар математика, информатика, физика, биология боюнча эл аралык олимпиадаларда, информатика боюнча европалык олимпиадада алтын, күмүш, коло медалдарды тагынышты”, - деп баса белгиледи ал.

Муну менен бирге Арслан Койчиев спорт жаатында дагы кичинекей досторубуз мыкты ийгиликтерге жетишип жатышканын айтты. Азия үчүнчү жаштар оюндарында, Эл аралык киберкоопсуздук олимпиадасында, “Кыргызстан бермети-2025” оюндарында, Эл аралык жаштар мелдешинде, Ташкентте өткөн Жаш спортчулардын таэквондо боюнча турниринде 1, 2, 3-орундарды камсыз кылып, биздин мамлекеттик кызыл туубузду көккө бийик көкөлөтүштү.

“Силер — биздин өлкөбүздүн келечеги, кубанычы, үмүтү жана кубатысыңар. Ар бириңердин ичиңерде улуттук бийик дем жана ата-бабалардан калган шык-жөндөм жашайт. Мына ошондуктан, ар бир күнүңөр билимге, изденүүгө, кыялданууга жана өнүгүүгө багытталсын!

Жаңы жыл силерге ишеним, кубаныч, шыктануу жана илгери үмүт алып келсин”, - деп каалады Арслан Койчиев.

Соңунда Президент Садыр Жапаровдун атынан балдарга белектер тапшырылды.

Последние новости