www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык жугуштуу оорулар ооруканасына 8 адам кызмаыкка шектелип жаткырылды. Бул тууралуу эпидемиолог Нарынкүл Орозакунова радионун эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында кызамык оорусунун 10 учуру катталган.

«2 жумадан бери шаарда кызамык оорусу катталган жок. Эртең менен инфекциялык ооруканада 8 бейтап кызамык оорусуна шектелип жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Лабораториялык маалыматтарды алдык, 2 күндөн кийин жыйынтыгы белгилүү болот», - деди ал.

Орозакунова кошумчалагандай, январь айында оору күчөй баштаган.

«Азыр абал турукташып калды, анткени кызамыкка каршы эмдөө иштери жүрүп жатат. Бирок бардык өлкөлөрдө оору күчөп, адамдар эмдөөдөн баш тартып жатканын унутпашыбыз керек», - деп кошумчалады ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости