www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте №62 «Баластан» бала бакчасы ачылды

Бүгүн, 2025-жылдын 25-декабрында, IV Элдик курултайдын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттик Администрациянын Жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкө боюнча 94 социалдык жана өндүрүштүк объектилердин онлайн ачылышына старт берди.

Возможно, это изображение текст

Бишкек шаарында 5 социалдык жана 1 өндүрүштүк объект пайдаланууга берилди. Алардын катарында Свердлов районунда №62 «Баластан» бала бакчасын салтанаттуу ачуу иш-чарасы болду.

Иш-чарага Бишкек шаар мэриясынын аппаратынын жетекчиси Илияс Колопов, Свердлов районунун акиминин орун басары Айнура Арстамбекова, Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева жана бала бакчанын  директору Аида Суранчиева катышты.

Бала бакчанын жалпы аянты 2 794,6 чарчы метрди түзөт. Долбоордук кубаттуулугу 360 орунга ылайыкталган, бирок билим берүү процессин заманбап усулдар менен уюштуруу аркылуу балдар бакчасы 560 балага чейин кабыл ала алат. Жалпы 18 топ уюштурулган, окуу жана тарбия кыргыз тилинде жүргүзүлөт.

Возможно, это изображение один или несколько человек

Заманбап эки кабаттуу имарат коопсуздук жана ыңгайлуулук талаптарына толугу менен жооп берет. Бул жерде оюн жана уктоо бөлмөлөрү, кийим алмаштыруучу жайлар, ашкана, медициналык кабинет, тарбиячылар үчүн бөлмөлөр, музыка жана спорт залдары, ошондой эле чыгармачылык жана музыка сабактары үчүн кабинеттер жабдылган.

Мекеменин аймагы толук көрктөндүрүлүп,  14 оюн аянтчасы жасалма каптоо жана заманбап оюн жабдуулары менен жабдылган.

Нет описания фото.

Бала  бакчанын курулушу 2025-жылдын июнунда башталган. Долбоор Бишкек шаар мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан ишке ашырылып,  подрядчы компания катары «Лидер Хаус» ЖЧК иш алып барган.

Возможно, это изображение спальня, больница и текст

Нет описания фото.

Последние новости