www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы “3 өспүрүм 1-класстын окуучусун зордуктаган” деген маалымат боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси — “Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер” менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 2009-жылы туулган өспүрүм кармалганын билдирди.

Шаардык милиция кылмыш иши боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатканын жана иш жетекчиликтин көзөмөлүндө экенин кошумчалады. Кармалган шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Зордуктоого кабылган делген баланын таекеси Абдухалил Алиев 18-июнда бул окуя тууралуу Фейсбукка пост жазып, шектүүлөргө чара көрүлбөй жатканын билдирген.

“1-класста окуган бир туугун эркек жээнимди 9-8 жана 5-класстын окуучулары зордуктап салышыптыр. Мага анонимдүү кишилерден ошол ыдык көрсөтүлгөн видео келип, үрөйүбүз учуп, шок абалында жээнимди №3 балдар ооруканасынын проктология бөлүмүнө алып барсам таза экен деп, соттук-медициналык экспертизага жиберди. Кечээ соттук-медициналык экспертиза таза деп койгонунан улам ушундай ачууланып ушул видеону тарттым. Кичинекей жээним 5 жолу зордукталыптыр. Бирок таза деп чыгарганы мени ынандырган жок, ишенбейм дагы эле”, — деп жазып дарыгер жана милиция кызматкери тартылган видеону жарыялаган.

Последние новости