www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына («Борбордун статусу жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.
Документ 2026-жылдын 10-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын негизги максаты – жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын (акимдердин) жана шаар мэрлеринин ишинин ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуу, ошондой эле алардын жергиликтүү жамааттын алдындагы жоопкерчилигин күчөтүү болуп саналат.
Жаңы тартипке ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, ошондой эле район акимдери калк менен жылына эки жолу – февраль-март жана ноябрь-декабрь айларында милдеттүү түрдө жолугушууларды өткөрүп, аткарылган иштер боюнча маалымат берип турушат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.