www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын аймагындагы унаа жолдордо оор кесепеттерге алып келген жол-унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо, жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы ишмердүүлүктү жөнгө салуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо, транспорттук тартипти бекемдөө жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында «Коомдук транспорт» аталышындагы профилактикалык рейддик иш-чара өткөрүлүүдө.
Аталган иш-чаранын алкагында Бишкек ШИИББ боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын транспорт ишин лицензиялоо жана техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2026-жылдын 25–27-март күндөрү Бишкек шаарынын аймагында комплекстүү профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө.
Рейддин жүрүшүндө Бишкек шаардык транспорт мамлекеттик ишканасынын айдоочулары менен мыйзам талаптарын так сактоо, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, транспорт каражаттарынын техникалык абалын көзөмөлдөө жана жол кыймылынын эрежелерин бузууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.
Бул багыттагы профилактикалык иш-чаралар мындан ары да туруктуу негизде улантылат.