www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ШИИББинин маалыматына ылайык, милиция кызматкерлери интернет аркылуу алдамчылык жасагандыгы боюнча 20 жаштагы Ш.Д. аттуу жаранды кармашты.

Свердлов райондук милициясына жаран кайрылып, алдамчылык болгонун билдирген. Анын айтымында, 14-ноябрда WhatsApp аркылуу ага чалып, Бишкек шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары катары таанышып, ишенимге кирип, 300 миң сом котортууга мажбурлашкан. Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен иш козголгон.

Ш.Д. кармалып, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда анын шериктерин аныктоо максатында тергөө жана ыкчам-оперативдик иш-чаралар жүрүп жатат.

Последние новости