www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек–Ош унаа жолунда кыймыл кайра жанданды

Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек–Ош унаа жолунун 432–435-чакырым аралыгында сел жүрдү.

Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 22-июнда түнкү саат 01:30 чамасында катталган. Жол тилкесине ылай жана таш массалары түшүп, убактылуу каттам жабылган.

Окуя болгон жерге атайын техникалар ыкчам тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Натыйжада жол эртең мененки саат 05:00гө чейин тазаланып, унаа каттамы толугу менен калыбына келтирилди.

Учурда жол тилкесин толук тазалоо жана коопсуздукту камсыздоо иштери улантылууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, абал көзөмөлдө турат.

Последние новости

Ислам НАТОсу
Ислам НАТОсу
3128
11.08.2026 15:34