www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кийлигишүүсүнөн кийин Бишкек – Ош аба каттамынын баасы арзандады.
Маалыматка ылайык, 22-апрелде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аянтчасында Кызматтын жетекчилигинин, Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басарынын жана «AVIA TRAFFIC COMPANY» ЖЧКсы, «TEZJET» ЖЧКсы, «АЭРО НОМАД ЭЙРЛАЙНС» ЖЧКсы, «Sky FRU» ЖЧКсы, «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы ЖЧКсынын жооптуу өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун негизги темасы ички республика ичиндеги жүргүнчү авиакаттамдарынын баасын түзүү маселелери болду. Тактап айтканда, авиабилеттердин тарифтик түзүмү, алардын экономикалык негиздүүлүгү, авиакеросиндин баасынын авиабилеттердин наркына тийгизген таасири, ошондой эле билеттерди агенттер, онлайн-платформалар жана субагенттер аркылуу сатууда колдонулуучу агенттик үстөк акылардын деңгээли каралды.
Жолугушуунун жүрүшүндө баа түзүүнүн ачыктыгын камсыз кылуу жана ички рынокто авиабилеттердин баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө зарылдыгы белгиленди. Катышуучулар чыгымдарды оптималдаштыруу жана калк үчүн авиакаттамдардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча мүмкүн болгон механизмдерди талкуулашты.
Кызмат тарабынан авиакомпанияларга керектөөчүлөрдүн жана ташуучулардын кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылууга багытталган баа боюнча макулдашуу түзүү сунушталды.
Авиакомпаниялардын өкүлдөрүнө Кызмат тарабынан тиешелүү товардык рыноктун абалына деталдуу талдоо жүргүзүлөрү маалымдалды. Талдоонун жыйынтыгында, эгерде Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» жана «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарын бузуу белгилери аныкталса, кызмат тарабынан мыйзамдарга ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.
Акыркы убакта социалдык тармактарда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында май майрамдары мезгилинде Бишкек–Ош–Бишкек багыты боюнча авиабилеттердин баасы 10 000 сомго чейин жогорулаганы тууралуу маселе көтөрүлгөн.
Ошол эле учурда, жолугушуунун жүрүшүндө аталган 10 000 сомдук баалар ички авиакаттамдар боюнча авиакомпанияларда жок экени аныкталды.
Жыйындын жүрүшүндө рыноктун катышуучулары менен жүргүзүлгөн өз ара аракеттенүүнүн жана консультациялардын жыйынтыгында май майрамдары мезгилинде Бишкек–Ош–Бишкек багыты боюнча баалар 8820 сомдон 7600 сомго чейин төмөндөтүлгөнү белгилүү болду.
Муну менен катар, белгисиз сандагы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында авиакомпанияларга баа саясатын, айрыкча майрамдык мезгилдерде, оңдоо жана негизсиз жогору бааларды белгилөөгө жол бербөө боюнча көрсөтмөлөр берилди.
Кызмат ички авиакаттамдар рыногундагы баа абалына мониторинг жүргүзүүнү жана адилет атаандаштыкты камсыз кылууга багытталган иштерди улантат.