www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек–Нарын–Торугарт жана Көк-Мойнок–Кувакы унаа жолдорунда катуу жаандан кийин жолго түшкөн таштарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Маалыматка ылайык, Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 214–270-чакырым аралыгында жана Көк-Мойнок–Кувакы жолунун 26-чакырымына чейинки тилкесинде жол коопсуздугун камсыздоо жана кесепеттерди жоюу иштери аткарылууда.
Тазалоо иштерин №955 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери жүргүзүп жатышат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда аталган жолдор ачык болуп, унаа каттамы үзгүлтүксүз жүрүүдө.