www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаада курулуп жана реконструкцияланып жаткан социалдык объектилерди, жолдорду жана көрктөндүрүү иштерин жеринен текшерди.
Шаар башчысы Ахунбаев менен Репин көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан 250 орундуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн арналган «Үмүт чырагы» адистештирилген бала бакчасына барды.
Ошондой эле гараждар алынган аймакка дагы бир социалдык объект куруу жана бала бакчанын маңдайына жаңы сквер уюштуруу тапшырмасы берилди.
Мэр андан соң 900 унаага ылайыкташкан тогуз кабаттуу көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушу, Жал-29 кичи районундагы спорттук комплекс жана Миңжылкиев көчөсүнүн реконструкциясы менен таанышты.
Ошондой эле жолду кеңейтүүгө тоскоолдук кылган объектилерди демонтаждоо жана Миңжылкиев көчөсү менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишине жол чырак орнотуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.
Иш сапардын соңунда Айбек Джунушалиев «Көлмө» конушундагы футбол аянтчасынын реконструкциясын жана аймакты көрктөндүрүү иштерин көрүп чыгып, подряддык уюмдарга курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.