www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусундагы Ала-Арча №3 (Төмөнкү) суу сактагычында балык уулоонун эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.
Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө кармалган жарандардан 122 даана балык жана ар бири 100 метрден болгон эки синтетикалык балык уулоочу тор алынган.
Рейддик иш-чараны министрликтин Чүй регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Чүй–Бишкек мергенчилер жана балыкчылар коомунун өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүшкөн.
Аталган факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык тиешелүү материалдар таризделип, иш мыйзамда белгиленген тартипте чара көрүү үчүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.