www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине келген көрүүчүлөр «Бишкек Арена» стадионуна бир катар буюмдарды алып кире алышпайт.

«Бишкек Арена» администрациясы коопсуздук талаптарына байланыштуу стадионго киргизүүгө тыюу салынган буюмдардын тизмесин жарыялады.

Алардын катарына тамеки, IQOS, насвай, сагыз, сырттан алып келинген тамак-аш жана суусундуктар, айнек бөтөлкө, банка жана башка катуу же сынуучу идиштер кирет. Ошондой эле чоң көлөмдөгү рюкзак, сумка жана чемодандарды алып кирүүгө болбойт.

Мындан тышкары, курал-жарак, сайгыч-кескич буюмдар, пиротехникалык каражаттар, аэрозолдор жана газ баллондору сыяктуу кооптуу заттарга тыюу салынган.

Алдын ала уруксат берилбеген кесиптик камералар, дрондор, радиостанциялар жана жогорку жыштыктагы байланыш жабдуулары да стадионго киргизилбейт.

Ошондой эле музыкалык аспаптарды, ышкырыктарды, мегафон жана башка катуу үн чыгаруучу каражаттарды алып кирүүгө уруксат берилбейт.

«Бишкек Арена» администрациясы тыюу салынган буюмдар стадиондун кире беришиндеги текшерүү учурунда алынарын эскертти.

Последние новости