www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облустук ооруканасына 23 миң сом айып салынды

Баткен облустук биргелешкен ооруканасында жүргүзүлгөн контролдук текшерүүдө мурда аныкталган өрт коопсуздугу боюнча кемчиликтер толук жоюлбаганы белгилүү болду.

2026-жылдын 18-августунда Баткен облусу боюнча Өрттү көзөмөлдөө кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен облустук биргелешкен ооруканасында контролдук текшерүү жүргүздү.

Маалыматка ылайык, текшерүү буга чейин өткөрүлгөн пландуу текшерүүнүн жыйынтыгында берилген эскертмеде көрсөтүлгөн өрт коопсуздугунун талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында уюштурулган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мурда аныкталган бир катар кемчиликтер толук жоюлбаганы аныкталды.

Атап айтканда, ооруканада өрттү автоматтык түрдө аныктоочу жана кабарлоочу сигнализация талаптагыдай камсыздалган эмес. Административдик имараттагы сигнализация системасы да талаптагыдай иштөө абалында болбогон.

Мындан тышкары, имараттардын чатырынын жыгач конструкциялары өрткө каршы коргоочу курам менен иштетилбегени, өрт өчүрүүгө арналган тышкы суу көлмөсү талаптагыдай абалга келтирилбегени аныкталган.

Ошондой эле имараттын электр тармактары жана зымдары өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык монтаждалбаганы белгиленди.

ӨКМдин маалыматына ылайык, пландуу текшерүүнүн жыйынтыгында берилген эскертмедеги талаптар белгиленген мөөнөттө аткарылбагандыктан, мекемеге Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 143-беренесине ылайык 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Оорукана жетекчилигине аныкталган кемчиликтерди толук жоюу жана имараттарды өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келтирүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.

ӨКМ медициналык мекемелерде өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо өзгөчө маанилүү экенин белгилеп, бардык мекеме-ишканалардын жетекчилерин аныкталган кемчиликтерди өз убагында жоюуга чакырды.

Последние новости