www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эсептөө палатасы жүргүзгөн аудиттердин жыйынтыгында мамлекеттик органдарда жүздөгөн мыйзам бузуу фактылары аныкталды.

Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, өткөн жылы жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө жалпы 1032 жол-жоболук мыйзам бузуу катталган.

Аныкталган кемчиликтерди жоюу максатында тиешелүү мамлекеттик мекемелерге көрсөтмөлөр жана сунуштар жөнөтүлүп, алардын аткарылышы көзөмөлгө алынган.

Аудиттердин жыйынтыгында каржылык жана тартиптик мыйзам бузууларга жол берген 171 мамлекеттик кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Алардын ичинен 14 аткаминер ээлеген кызматынан бошотулган.

Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовдун айтымында, тартипти күчөтүү иштери мекеменин өзүндө да жүргүзүлгөн.

Анын ичинде бир катар кызматкерлерге эскертүү жана сөгүш берилип, эки мамлекеттик инспектор кызматынан алынган.

Ведомство мамлекеттик каржы тармагындагы тартипти чыңдоо жана мыйзам бузууларды алдын алуу иштери мындан ары да улантыларын белгиледи.
Эсептөө палатасы

Последние новости