www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште депутат Улукбек Карыбек уулунун демилгеси менен Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Ак-Жар конушун туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо маселеси боюнча кеңейтилген кеңешме өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек электр тармактар ишканасынын, Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын, Свердлов райондук администрациясынын жана «Электросила» ЖЧКсынын жетекчилери катышты. Жыйындын негизги максаты Ак-Жар конушундагы энергия таңсыктыгын жоюу максатында «Дордой» подстанциясынан 6 кВдык жаңы кабелдик линияны куруу иштерин ыкчамдатуу болуп саналат.

Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга жана кызмат адамдарына инженердик-техникалык документтерди кыска мөөнөттө бүтүрүү жана курулуш иштеринин конкреттүү «жол картасын» иштеп чыгуу боюнча кескин талаптар коюлду.

 

 

 

 

 

 

Последние новости