www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 23-февралында , Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге К.Д., аттуу жаран белгисиз адамга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 06:00 чамасында Бишкек шаарынын Озерная жаңы коңушунда ачык түрдө күч колдонуп, 20 миң сом түзгөн “Редми” маркасындагы уюлдук телефонун тартып алышкан. Андан соң белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 206-беренесине (Тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Мындан тышкары, алдын ала маалыматтар боюнча, шектүүлөр жабырлануучуну мыйзамсыз аракеттер менен алектенет деген жалган маалыматты камтыган видео кайрылуу жаздырууга мажбурлашкан. Аталган аракеттер жасалган кылмышты жашыруу жана айланадагыларды жаңылыштыкка киргизүү максатында жасалган.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин жана Бишкек шаарынын ИИББнын милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр 1999-жылы туулган Р.М., 2007-жылы туулган С.Т., 2007-жылы туулган С.С., 2006-жылы туулган А.Р., 1998-жылы туулган К.К., жана 2004-жылы туулган Н.Н., аттуу жарандар аныкталып, кармалган. Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасын КЖКПнын 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына камакка алынышкан.

Тергөө иштери уланууда.

Учурда жогоруда аталган шектүүлөрдүн башка кылмыш фактыларына тиешеси бардыгы экендиги аныкталууда.

Последние новости