www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого сырттан добуш берүү жүрүп жатат.

№2 Баткен шайлоо округу боюнча 81 УШКнын 8не шайлоочуларга добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүү мүмкүндүгүн берүү өтүнүчү менен 31 арыз түшкөн, анын ичинен:

улгайгандыгына байланыштуу — 16;

майыптыгы барлар — 8;

ооруп жаткандыгына байланыштуу – 7.

№7 Ош шайлоо округу боюнча 55 УШКнын 41не шайлоочуларга добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүү мүмкүндүгүн берүү өтүнүчү менен 488 врыз түшкөн, анын ичинен:

улгайгандыгына байланыштуу — 183;

майыптыгы барлар — 179;

ооруп жаткандыгына байланыштуу –105;

башка категорияларга киргендер -21.

№9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча 62 УШКнын 25не шайлоочуларга добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүү мүмкүндүгүн берүү өтүнүчү менен 168 арыз түшкөн, анын ичинен:

улгайгандыгына байланыштуу — 72;

майыптыгы барлар — 39;

ооруп жаткандыгына байланыштуу – 57.

Маалымат үчүн: Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү шайлоо күнүнө бир календарлык күн калганда, саат 8:00дөн 20:00гө чейин жана шайлоочунун шайлоо участогунан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде гана өткөрүлөт.

 

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости