www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы «Кызыл гвоздика» ден соолукту чыңдоо борборунда билим берүү тармагынын кызматкерлери арасында беш күндүк спартакиада башталды.

Спорттук иш-чараны Кыргызстандын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети уюштурду.

Спартакиаданын ачылышына кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин төрагасы Саламат Бөөнов, төраганын орун басары А. Кудайкулов, агартуу министринин орун басары Муктарбек Баймурзаев, Тоң районунун акими Б. Осмонов, калыстар тобу жана мелдештин катышуучулары катышты.

Мелдешке Борбордук комитеттин курамына кирген өлкөнүн жети облусунун шаардык жана райондук комитеттеринен, ошондой эле жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынан билим берүү кызматкерлери катышууда.

Жалпысынан эркектер жана аялдар арасында 42 команда күч сынашат.

Катышуучулардын жаш курагы 25тен 40 жашка чейин. Алар волейбол, футбол, шахмат, стол тенниси жана тогуз коргоол боюнча мелдешет.

Иш-чаранын негизги максаты — билим берүү жана илим кызматкерлеринин ортосунда достукту, ынтымакты жана кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле спорт аркылуу сергек жашоо образын жайылтуу.

Спартакиаданы өткөрүүгө жалпысынан 2 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн.
Иш-чаранын ачылышында Саламат Бөөнов мындай спорттук мелдештер билим берүү кызматкерлеринин биримдигин бекемдөөгө, тажрыйба алмашууга жана ден соолукту чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Спартакиада 8-сентябрдан 12-сентябрга чейин уланат.

Последние новости