www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийлик Куттуу-Сай-2 сейрек кездешүүчү элементтер кени менен Калесай бериллий кенин Чоң-Кемин улуттук жаратылыш паркынын курамынан чыгарууну көздөп жатат.

Жаратылыш паркынын чек араларын өзгөртүү жөнүндө өкмөттүн токтом долбоору коомдук талкууга коюлган.

Куттуу-Сай-2 кенине былтыр сентябрда Акылбек Жапаров барган. Министрлер кабинети билдиргендей, ал жерде руданын запасы 75 миң тоннага чейин жетет. Анын курамында молибден, висмут, коргошун, бериллий, күмүш сыяктуу элементтер бар. Документ Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы жана Жаратылыш ресурстар министрлиги тарабынан кабыл алынгандан кийин чек араларды жаңылоо керек болот.

Министрлер кабинетинин 2009-жылдын 13-июлундагы токтомуна ылайык, Чоң-Кемин улуттук паркынын жалпы аянтынын 90 пайызга жакынын түзгөн Ак-Түз жана Окторкой тилкелерин парктан чыгаруу пландаштырылган. 2012-жылы бул токтом жокко чыгарылган. Ушул жылдын 9-январында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров "Чоң-Кемин мамлекеттик улуттук жаратылыш паркынын чек арасын өзгөртүү жөнүндө" токтом долбоорун иштеп чыгууну тапшырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости