www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт  “Центерра” менен  түзгөн Кумтөр боюнча жаңы келишими бул жолу деле мамлекетке пайдасы аз болот.  Канаданын компаниясы мурункудай эле май-талканды сугунуп, Кыргызстанга болоор болбос калдыгын берет деп айтсак аша чапкандык болбойт. Чалгындоо үчүн өкмөткө коомчулук каршы болуп, экологдор өкүрүп турса да мурун берилбей келген Токой чарбанын баасы 16 миӊ долларды түзгөн корук жерин “Центеррага” кармата салды. Бул чечим  бийликтин мамлекетке кылган чыккынчылыгы.

Азыр болбосо да, кийинки мезгилдерде бул маселе кылмыштуулук катары каралышы толук мүмкүн. Ошону менен Кумтөрдөгү алтын казуу ишин 2036-жылга чейин узартабыз деп алкан ушалап, жыргап жатышат. Алтындын баасы болсо дүйнөлүк рынокто кымбаттагандын үстүндө болуп келет.

Маселен, Кумтөрдө бир унций алтынды казып алуунун баасы эл аралык  Mining.com.компаниясынын эсептөөсү менен  553 долларга бааланып келет. Ал эми  бир унция алтындын дүйнөлүк базардагы бүгүнкү баасы 1500 доллардан ашат.  Демек, «Центерра» бир унций алтындан 1 миң доллардын тегерегинде пайда көрүп жатканы ачык эле байкалып турат.  2019-жылы «Центерра» Кумтөрдөн 565 миң унций алтын казып алууну  максат кылганын жарыялаган эле. Бул максат толук ишке ашса, анда , «Центерра» быйыл Кыргызстандан таза 565 млн. доллар же 40 млрд. сомго жакын акча чыгарып кетет, деп "Багыт.kg" өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости