www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 2-июлда, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда коомчулукта «75чилердин каты» деген ат менен белгилүү болгон кылмыш иши боюнча кезектеги соттук отурум уланууда. Ага айыпталуучулардын бири, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев келди. Ал сот имаратынын короосуна өзүнүн сооттолгон машинасы менен келип кирип кетти. 

Бул иш боюнча Камчыбек Ташиев менен катар Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, саясатчы Бекболот Талгарбеков, мурдагы вице-премьер Аалы Карашев, мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, ошондой эле Эмилбек Узакбаев жана Курманбек Дыйканбаев айыпталуучу катары өтүүдө. 

Эске салсак, кылмыш иши алгач «жашыруун» деген гриф менен каралып, соттук отурумдар жабык режимде өткөн. Кийин жактоочулардын өтүнүчүнүн негизинде соттун айрым отурумдары ачык өткөрүлө баштаган. Бирок июнь айындагы отурумдардын биринде прокурорлордун өтүнүчү менен иш кайрадан жабык тартипте карала турганы маалымдалган. 

Камчыбек Ташиев жана иш боюнча өтүп жаткан башка айыпталуучуларга «бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» жана «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айып коюлган. Өз кезегинде алардын жактоочулары коюлган айыптарды негизсиз деп эсептеп, соттук териштирүүдө муну далилдөөгө аракет кылып келишет.

Последние новости