www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Дар земли” компаниясы чыгарган  туздалган бадыраңдын ичинен ботулизмдин козгогучу жана токсин чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, ноябрь айында ботулизм менен бир адам жабыркаган. Ага  2018-жылы чыккан “Дар земли”туздалган бадыраңы себеп болгон. 

Лабораториялык изилдөөлөр анын ичинен ботулизм токсини бар деп жыйынтык чыгарган. Анын себеби, бадыраңды чыгарууда технологиялык ката кеткени болушу мүмкүн. 

“Чыгарган компанияга чара көрүлдү. Ага чыгарылган товарларды соода борборлорунан алып салуу боюнча санитардык мүнөздөмө берилди. Бирок, ошону менен катар эле туздалган бадыраңды сатып алууда анын кайдан жана качан чыкканына көңүл буруу зарыл”,-деп ведомстводон билдиришти. 

Аталган бадыраңды сатып албагыла жана жебегиле. Эгер соода борборлорунан көрүп калсаңыздар аны сатыктан алып салуу үчүн администраторго кайрылгыла. 

Ведомстводон билдиргендей, Кыргызстанда ботулизм боюнча 64 жабырлануучу менен  43 окуя катталып алардын бардыгы үй консерватына байланыштуу болгон. 

Ботулизм – абдан олуттуу азык-түлүк уулануулардын бири. Убагында дарыгерге кайрылбаса өлүп калуу мүмкүндүгү 70 пайызга жетет. Бул ууланууда убагында дарыгерге кайрылып, убагында дарылануу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости