www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз маданияты жана көркөм өнөрү оор жоготууга учурады.
Белгилүү сүрөтчү-колдонмо чебер, живописчи Алмагүл Болотова 69 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Догдурбек Нургазиевдин өмүрлүк жубайы болгон.
Алмагүл Болотова 1957-жылы Ысык-Көл облусунун Ой-Тал айылында туулган. 1978-жылы С.А. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын аяктаган. 1997-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болуп, 2008-жылы Ж. Жумадылов атындагы сыйлыктын лауреаты болгон.
Ал өзүнүн чыгармачылык өмүрүндө кыргыз көркөм өнөрүнүн өнүгүшүнө зор салым кошуп, гобелен жана живопись жанрында өзгөчө стилди калыптандырган таланттуу сүрөтчү катары таанылган. Анын эмгектери табияттын сулуулугун – жыл мезгилдерин, тоолорду, өсүмдүктөр дүйнөсүн терең философиялык жана шарттуу-графикалык ыкмада чагылдыргандыгы менен айырмаланат.
Алмагүл Болотова республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн туруктуу катышуучусу болгон. Анын эмгектери Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да жогору бааланып, Түркия, Германия, Франция, Япония, Россия, Казакстан, АКШ, Канада жана башка өлкөлөрдө өткөн көргөзмөлөрдө коюлган.
Сүрөтчү Швейцария (Женева), Бельгия (Брюссель), Иран (Тегеран), Түркия (Анкара), Япония сыяктуу өлкөлөрдө өткөн эл аралык көргөзмөлөргө катышып, кыргыз искусствосун дүйнөгө таанытууга салым кошкон. Ошондой эле «ЭКСПО-2005» (Нагоя, Япония), «АРТ-Биеннале» (Бангладеш) сыяктуу ири маданий иш-чараларга катышкан.
Анын жеке көргөзмөлөрү Бишкек шаарында, ошондой эле Германиянын Херен шаарында уюштурулган.
Алмагүл Болотова бир катар сыйлыктардын ээси болуп сыйланган: белгилей кетсек «Сорос-Кыргызстан» фондунун сыйлыгы, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамоталары, эл аралык көргөзмөлөрдүн дипломдору жана башка сыйлыктар.