www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун премьер-министри Александр Турчин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Бишкек санитардык полигонунун аймагына барды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев конокту тосуп алып, 2025-жылдын декабрь айында пайдаланууга берилген таштандыларды сорттоочу линиянын иши менен тааныштырды. Бул объектте калдыктар сорттолуп, андан кийин кайра иштетүү үчүн кийинки этаптарга жөнөтүлөт.

Сорттолгон материалдар Фере көчөсүндөгү заводго жиберилип, ал жерден шаарды көрктөндүрүүчү элементтер, анын ичинде отургучтар, люктар, лотоктор жана башка материалдар. Өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгына ылайык, объекттер үчүн технологиялык жабдууларды Беларустун «Сифания — Экотехника» компаниясы жеткирип берген.

Беларустун премьер-министри комплекстин иштөө схемасы сабаттуу жана натыйжалуу түзүлгөнүн баса белгиледи.

"Бүтүндөй комплекс туура уюштурулган экен. Сиздерде калдыктарды кайра иштетүү маселелерин сарамжалдуу чечүүгө мүмкүндүк берген жакшы туюк цикл түзүлүптүр", - деди ал.

Иш сапарынын жүрүшүндө делегация калдыктарды кайра иштетүү менен электр энергиясын өндүрүүчү эко-технологиялык заводго да барды. Конокторго долбоордун ишке ашырылуу жүрүшү, анын өндүрүштүк кубаттуулугу жана борбор калаа үчүн экологиялык мааниси тууралуу маалымат берилди.

Долбоордун ишке ашырылышы учурда этап-этабы менен жүрүүдө. Биринчи этапта завод күнүнө 1000 тоннага чейин калдыктарды кайра иштетүү кубаттуулугу менен иштей баштайт. Экинчи этапта күнүнө 2000 тоннага чейин кубаттуулугу бар экинчи блоктун курулушу каралган. Толук ишке киргенден кийин, завод күнүнө 3000 тоннага чейин катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетип, саатына 90 МВтга чейин электр энергиясын өндүрө алат.

Последние новости