www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кыргыз эл жазуучусу жана драматург Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына арналган кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы жана өнөр таймашы жогорку деңгээлде өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринен билдиришти.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, катышты. Мирбек Мамбеталиев өз сөзүндө Бексултан Жакиев кыргыз руханий дүйнөсүндө өзгөчө орду бар залкар инсан экенин белгилеп, анын чыгармачылыгы улуттук адабияттын алтын казынасына айланганын айтты. Ошондой эле ал айтыш өнөрү кыргыз элинин тарыхын, дүйнө таанымын жана руханий баалуулуктарын муундан-муунга жеткирген улуу мурас экенине токтолду.
Айтыш өнөрүн даңазалаган маданий иш-чарага Кыргызстандан жана Казакстандан келген белгилүү төкмө акындар катышып, көрүүчүлөргө жогорку деңгээлдеги чыгармачылык таймаш тартуулашты. Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук сөз өнөрү, төкмөлүк салт жана эки элдин руханий байланышы кеңири даңазаланды.
Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен төмөнкү акындар байгелүү орундарга ээ болушту:
Баш байге:
Акматбек Султан уулу — 300 000 сом
Жансая Мусина — 300 000 сом
1-орун:
Асылбек Маратов — 250 000 сом
Нурлан Эсенкулов — 250 000 сом
2-орун:
Изат Айдаркулова — 200 000 сом
Аспанбек Шугатай — 200 000 сом
3-орун:
Баян Акматов — 150 000 сом
Нурбол Жаунбаев — 150 000 сом
Атайын сыйлык:
Мамбеттокто Мамбеторозо уулу — 100 000 сом
Өмүржан Көпбосын — 100 000 сом
Мындан тышкары, “Айтыш” коомдук фонду тарабынан Бексултан Жакиев, Элмирбек Иманалиев, Ашыралы Айталиев, Тууганбай Абдиев жана Эстебес Турсуналиев атындагы атайын сыйлыктар тапшырылып, ар бир сыйлыктын ээлерине 50 000 сомдон байге берилди.