www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бекешев мектеп формасын өзгөртүүнү сунуштады

Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаты Дастан Бекешев Кыргызстанда окуучулардан талап кылынган мектеп формасы ыңгайсыз экенин айтып чыкты. Айтымында, ага бир катар аймактан окуучулар кайрылып, мектеп кийими боюнча даттанган.

“Кышта, калың кар жааганда баса албайсың. Ысыкта да окуучуларыбыз кыйналат. Кайрылуунун көбү Бишкектен эмес, аймактардан келип жатат. Мен мектеп формасын жокко чыгарууну сунуштабайм. Андай укук берилсе, алар эски-уску кийим же башка кийим менен бара баштайт. Мектеп формасын жөн эле киргизишкен эмес, бул дисциплина үчүн. Келгиле, талаптарды өзгөртөлү. Неге окуучуга мектепте башка формада жүрүүгө болбойт? Мисалы, футболка же кофта, жинсы кийсе... Кыздарыбыз эмне үчүн сөзсүз юбка кийиши керек?”,-деди Бекешев.

Депутат окуучуларга smart casual (классикалык стиль менен күнүмдүк эркин кийинүүнүн ортосундагы "алтын ортолук") стилинде кийинип мектепке барууга уруксат берүүнү сунуштады.

Последние новости