www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бекболот Талгарбеков акталды

14 жылга эркинен ажыратылган президенттин мурдакы аппарат башчысы Бекболот Талгарбеков акталды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирет деп жазат 24.кж.

Бекболот Талгарбеков калган «Элдик парламенттин» мүчөлөрү менен бирге мамлекеттик төңкөрүш жасоо айыбы менен соттолгон. Аларга Кылмыш кодексинин 27 берененин 295 бөлүгү — «бийликти күч менен басып алууга даярдануу» жана 341 бөлүгү — «Бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдык» айыбы тагылган.

Эскерте кетсек, буга чейин Бекболот Талгарбеков жана Толубай Колубаев 14 жылга эркинен ажыратылып, мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө өтөөрү айтылган. Ал эми Марат Султанов 10 жылга, Тойгонбек Калматов 5 жылга шарттуу, Александр Гусев 6 жылга шарттуу түрдө кесилген.

Учурда Бекболот Талгарбеков бийликти күч менен басып алуу айыбы боюнча акталып, «улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен 5 жылга соттолду. «Элдик парламенттин» калган бийлик мүчөлөрүнүн мөөнөтү күчүндө калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости