www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия 1-апрелден тарта ЕАЭБ өлкөлөрү (Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Армения) аркылуу автоунааларды ташып келүүнү пайдасыз кылган бир катар чараларды киргизди.

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Самат Исабеков Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып, Россия автоунааларды ташып келүүдөгү көмүскө схемалар менен күрөшүү үчүн мындай чараларды киргизгенин айткан.

Бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын тарифтик жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы Алмаз Акынбеков билдиригендей, Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан 26-мартта транзиттик декларацияларды, товарларга декларацияларды толтуруу, ошондой эле жеке бажы документтеринин форматтарынын структураларын колдонуу менен байланышкан укуктук мамилелерди жөнгө салуучу ЕЭКтин айрым чечимдеринин күчүнө киришин 2024-жылдын 1-апрелинен 2025-жылдын 1-апрелине жылдыруу чечими кабыл алынган.

“Мындай жылдыруу бизнес үчүн мүмкүн болуучу терс кесепеттерди, анын ичинде бажы операцияларын жүргүзүүдө кечиктирүүлөрдү четтетүү максатында маалыматтык системаларды жаңыртуу мөөнөтү менен байланыштуу. Бул Россия өкмөтү тарабынан киргизилген кайра иштетүү үчүн төлөмдөргө тиешеси жок. ЕЭК чечими мамлекеттердин ички укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизе албайт”, - деп кошумчалады ал.

Өз кезегинде, Бажы кызматынын тобокелдиктерди талдоо жана анализдөө башкармалыгынын башчысы Эркин Иманалиев Россия өкмөтү киргизген кайра иштетүү үчүн төлөмдөр бажы төлөмдөрүнө тиешеси жок экендигин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости