www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Криминалдык саясий детектив Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча жүрүп жаткан чуулуу кылмыш ишине байланышкан сот иштери аягына чыгып калды. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда тергөө менен кызматташууга барган фигуранттарды суракка алуу иштери аягына чыгарылып, алар ачык көрсөтмөлөрдү беришти.

Алдыда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин (ал тергөөдө сөз сүйлөөдөн баш тарткан), Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Индира Жолдубаеванын, ЖАМКнын мурдагы башчысы Калыбек Качкыналиевдин кеңешчисинин жана Гематология борборунун мурдагы башчысы Абдухалим Раимжановдун суралышы күтүлүүдө.

Соттук процесстер жабык өтүп, анда болуп жаткандар тууралуу коомчулук адвокаттардан билүүдө.

Ал эми жактоочулар кызыктуу эч нерсе жоктугун, күбөлөр соттун жүрүшүн өзгөртүүчү маалыматтарды беришпегенин айтышууда. Бирок, редакцияга кызыктуу документ келип түштү (башка редакцияларда да бар).

Тагыраагы, соттук процесстин башталышында угузулган айыптоо акты. Анда бул авантюранын катышуучуларынын көрсөтмөлөрү да жазылган. Көрсөтмөлөр кызыктуу да, сенсациялуу да экенин белгилей кетели. Ал көрсөтмөлөрдү фигуранттар сотто тастыктап беришкени белгилүү болду. 

Баары Шамиль Атахановдон башталган, ал кезде, 2012-жылы Атаханов Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы кызматын аркалап турган. Анын тергөөдө берген көрсөтмөлөрү толугу менен жашырылган.

Бирок өткөн жылдын аягында интернетте эки күбөнүн, Атамбаев менен Атахановдун жолугушуусунун протоколунун фотокөчүрмөсү жарыяланган. Ал иштеги боштуктардын ордун толтуруп, окуя боюнча жаңы маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет. Ошол жолугушууда Атаханов бир ирет анын кабыл алуусунда Москвадагы «Огонек» журналынын кабарчысы Алимжан Мирзаев деген болгонун, ал өзү менен кошо Татарстандын президенти Минтимер Шаймиев менен Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров тууралуу сүрөттүү китеп ала келгенин, ага китепти көрсөткөндөн кийин Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев тууралуу да ушундай эле китепти даярдап берерин билдиргенин айткан. Бирок китеп тууралуу сөз кылуу жөн гана шылтоо болгон. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мирзаев Атаханов менен Рамзан Кадыровдун жакын санаалаштарынын бири, Россиянын МамДумасынын депутаты Адам Делимханов жолугушкусу келип атканын айткан.

Атаханов кандай маселе боюнча жолугушууну каалап жатканын сураганда, журналист:

«Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин оорусу боюнча» деп жооп берген. Азырынча кылмышкер Азиз Батукаевдин иши боюнча эмнеге Алимжан Мирзаев ортомчу болгондугу белгисиз бойдон калууда. Ал чындап эле «Огонек» журналынын мурдагы кызматкери, тажрыйбалуу PR адиси, ошол эле Минтимер Шаймиев сыяктуу аймактык жетекчилер менен маектерди уюштуруп жүргөн журналист.

Алимжан Мирзаев деген кезинде Чыңгыз Айтматовдун кеңешчиси да болуп иштеген.

Нюрнберг шаарындагы жазуучунун өмүрүнүн акыркы күндөрүнөн көзү өткөнгө чейинки абалы тууралуу (2008-жылдын июну) комментарийлерди дал ушул Алимжан Мирзаев берип турган. Башка бир табышмак – эмне үчүн чечен лидерлери Шамиль Атахановго дал ушул сырдуу ортомчу аркылуу чыгууну туура көрүшкөн? Ал эмнеси менен белгилүү эле? Аларды кандай иштер байланыштырган?

Атаханов көрсөтмөдө айткандай, бул сүйлөшүүлөр тууралуу Атамбаевге жеткирген, ал жолугушууга уруксат берген. Делимханов менчик учагы менен Бишкекке учуп келген. Ал келгенден кийин учактан чыккан эмес, сүйлөшүүлөр учактын бортунда өткөн. Таасирдүү чечен саясатчысы Кыргызстандын УКМК төрагасына Батукаевдин айыккыс оору менен ооруй турганын, демек, аны бошотуп Чеченстанга жиберүүгө негиз бардыгын билдирген. Ошол жерден Атаханов эмне кыларын билбей калган…

2011-жылдын аягында Атамбаев жаңыдан президент болуп шайланары менен ошол кездеги УКМК башчысы Атахановго мыйзамсыз жол менен болсо да Жаныш Бакиевди алып келүү маселесин кабыргасынан койгон. Бирок мындай тапшырма чындап эле Атамбаев тарабынан болгонбу, жокпу, так белгисиз. Арийне, белгилей кетчү нерсе, Атамбаев президенттик шайлоого чейин да, андан кийин да элге Жаныш Бакиевдин колуна кишен салып, Кыргызстанга алып келүүгө убада берип келген. Ушуларды эске алган Атаханов Делимхановго кайрылып, «башка-баш алмашабыз» деген талапты койгон.

«Биз силерге Батукаевди, силер бизге Жаныш Бакиевди бересиңер» деген. Чечен Делимханов бул вариантты кимдир бирөө менен макулдашууга убада берип, кайра учуп кеткен. Бир канча күндөн кийин байланышка чыгып, «Жаныш Бакиевди аласыңар» деген жообун берген. Андан кийин иштин жүрүшүнөн күмөн санаган Чечен лидери Рамзан Кадыров өзү Атамбаев менен байланышкан. Муну Атаханов көрсөтмө бергенде айткан. Бул сүйлөшүүдөн кийин Атахановго Атамбаев башма баш алмаштырууга (анын катышуучулары кийин белгилешкендей, Атайын операцияга) уруксат берген. Тактап айтсак, биз 2013-жылы Азиз Батукаевдин чуулуу бошотулуусу тууралуу «Батукаевди эвакуациялоо» деп жазып, эң таамай белгилеген экенбиз.

Эми «атайын операциянын» башка катышуучуларынын айткандарына келели, алар да Атаханов сыяктуу тергөө менен келишимге барышып, болгонун болгондой айтып беришкен.

(Уландысы бар)

Булак: Майдан.kg

Последние новости