www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алдын ала маалымат боюнча, 2-май күнү болжол менен саат 19:00 чамасында нөшөрлүү жаандын кесепетинен Ак-Татыр айылында сел жүрүп, Ош–Баткен–Разаков унаа жолунун 280-чакырымында жол каттамы убактылуу жабылган. Учурда жол каттамы ачылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Кырсыктын кесепеттерин жоюуга ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу, №31 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн жана Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылды.
Мындан тышкары, Баткен районунун Уч-Дөбө айылында сел жүргөн сайдын жээгинде жайгашкан кооптуу аймактан 35 үй-бүлө (149 жаран) коопсуз жайларга эвакуацияланды.
Түзүлгөн кырдаалды тактоо жана кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында Баткен районунун аймагында «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилди.
Окуя болгон жерде иштерди координациялоону Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов жүргүзүүдө.