www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда опузалап акча талап кылууга шектелип 23 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Лейлек районундагы Раззаков шаарынын 2003-жылы туулган тургуну С.К. 2026-жылдын январь айынын баш чендеринде Сүлүктү шаарынын 16 жаштагы тургуну менен таанышып, аны өзүнүн мурдагы таанышы Сүлүктү шаарынын 20 жаштагы тургуну У.Ф. менен телефон аркылуу тааныштырып, аларга көмүскө жай уюштуруп, жыныстык катнашка барууга көндүрүп ортомчулук кылган.

Жыныстык катнашка баргандан кийин У.Ф. 4000 сом акча берген. Кийин пикир келишпестиктен улам С.К. У.Ф.дан шантаж жолу менен акча өндүрүүнү көздөп коркутуп баштаган.

Ал 50 000 сом акча талап кылуу үчүн 16 жаштагы кызга опузалап акча табуунун жол-жобосун үйрөтүп, талап кылынган акчанын жарым суммасын этап-этабы менен жаш кыздын банктык картасына котортуп алган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, С.К. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда кошумча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Последние новости