www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 18-апрелде Баткен облусунун Лейлек районундагы жол-транспорт кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери учак менен Бишкек шаарына жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Бейтап Улуттук госпиталдын №2 реанимация бөлүмүнө жаткырылды. Абалы туруктуу оор, комада, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратта.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 4-апрелинде 2004-жылы туулган жабырлануучу өтө оор абалда Лейлек районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна жеткирилген. Ага баш мээнин жабык жаракаты, баш мээнин катуу зыянга учурашы жана субарахноидалдык кан куюлуу диагноздору коюлган.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык зарыл болгон ресурстар мобилизацияланган.
Тез арада тиешелүү адистердин катышуусунда консилиумдар өткөрүлүп, аралыктан консультациялар уюштурулган. Санитардык авиация линиясы аркылуу Ош шаарынан, андан соң Бишкектен нейрохирургдар жана анестезиолог-реаниматологдордон турган адистештирилген медициналык бригадалар жөнөтүлгөн. Бейтапка зарыл болгон хирургиялык операциялар жасалган.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов медициналык жардам көрсөтүү процессин жеке көзөмөлүнө алган.
Министрдин жана министрдин дарылоо иштери боюнча орун басарынын катышуусунда бир нече жолу онлайн-консилиумдар өткөрүлдү.
Ушул убакка чейин бейтаптын абалы өтө оор болуп, өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратында тургандыктан, аны ташуу мүмкүн эмес болчу. Абалы турукташкандан кийин Бишкекке ташуу камсыз кылынды.
Учурда бейтап интенсивдүү терапияны толук көлөмдө алууну улантууда. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатышат.