www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде жол куруучулар иш таштады

Баткенде жол куруучу ишкананын жумушчулары бүгүн иш таштады. 40тай адам бир нече айдан бери маянасын ала албай жаткандыктан ушундай кадамга барганын «Азаттыкка» айдоочу Алыбек Пазылов билдирди.

«Төрт айлык маянаны бербей жатышат. Алдап жатып ушул күнгө алып келишти. Жумуш токтоп турат. Бая күнү министр «25-июлда берилет» деп айтып кеткен», — деди ал.

Транспорт жана жол министрлиги маселе жакынкы күндөрү чечилерин, куруучу компаниянын эсебине акча которуларын билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 75-108 чакырымын (Караван айылынан Көк-Талаа айылына чейинки бөлүгүн) реконструкциялоо долбоорун Ислам өнүктүрүү банкы каржылап, 21 млн доллар бөлүүгө убада берген.

2017-жылдын 11-майында Транспорт жана жол министрлиги менен «Алке Иншаат Санайи ве Тижарет» (Азербайжан) компаниясынын ортосунда курулуш иштерин аткарууга 18 млн долларлык келишимге кол коюлган.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости