www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналынын ишине бөгөт коюлуп, 33 килограммдан ашык гашиш алынды.
Маалыматка ылайык, операцияны «Баткен» бажысынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери биргелешип жүргүзүшкөн.
2026-жылдын 22-апрелинде Кадамжай районунда 1993-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны кармалган. Анын унаасын, өзүн жана жашаган жерин текшерүү учурунда баңгизат каражаттары табылып, алынган.
Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгында алынган зат каннабис чайыры – гашиш экени аныкталган. Баңгизаттын жалпы таза салмагы 33 килограммдан ашкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголду.
Мындан тышкары Кыргызстандын жана Өзбекстандын укук коргоо органдарынын биргелешкен иш-чараларынын алкагында коңшу өлкөнүн аймагынан дагы 14 килограмм гашиш жана 1 килограмм опий алынган. Ошондой эле бул мыйзамсыз каналга тиешеси бар деп шектелген Өзбекстандын жараны кармалган.