www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен ОИИБинин маалыматны ылайык, Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну 30 жаштагы С.С. кароосуз жүргөн 6 баш ири мүйүздүү малдары СМУ тилкеси менен чектешкен Тажикстан Республикасынын Исфара районунун Чорку айылына 2023-жылдын 8-июль күнү кирип кеткен.
Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсү менен Согди облусунун Исфара-2 РИИБдин милиция кызматкерлери сүйлөшүүлөрдүн негизинде 2023-жылдын 9-июль күнү кыргыз тараптын тажик тарапка өтүп кеткен 6 баш бодо малы кайтарылып, өз ээлерине тапшырылды.
Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери чек ара аймактарында эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга мал жандыктарына сак болуусун эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алган.

Булак: NazarNews.kg