www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда керектөө товарларын жана тиричилик техникаларын камтыган аткезчилик товарларын ташуу каналы жабылды.Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Баткен облусунун Лейлек районунун аймагында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өзгөчө ири көлөмдөгү керектөө товарларын жана тиричилик техникаларын камтыган аткезчилик товарларын ташуу каналы жабылды.

Тактап айтканда, Тажикстан Республикасынын аймагына тиричилик техникаларын жана керектөө товарларын аткезчилик жолу менен чек ара аркылуу мыйзамсыз алып кирүү максатында уюшкан топ түзгөн Тажикстандын, Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын жарандары аныкталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, болжол менен 29 миллион сомдук аткезчилик товарларын чек арадан өткөрүү боюнча 12 адам кармалды: Кытай жараны Л.Ц.Ф. жана КР жарандары И.А.И., T.A.K., T.У.M., A.K.K., O.Ш.К., С.A.К., У.у.М., Г.У.T., С.И.A., T.T.A. жана T.Д.Э. УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Кармалган адамдар тарабынан жогорудагы кылмыштар КР УКМК тарабынан мыйзамсыз аткезчиликтин алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чараларга карабастан жасалган.

Последние новости