www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен районунда жаштар арасында экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБден кабарлашты.

Аталган иш-чаранын алкагында Баткен РИИБинин Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Кара-Бак айылындагы “Б.Нарматов” атындагы орто мектептин окуучулары менен жолугушуу өткөрүштү.

Жыйынга Баткен районунун мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү да катышып, окуучуларга экстремизм жана терроризмдин коркунучтары, анын коомго тийгизген терс таасири тууралуу кеңири маалымат беришти.

Ошондой эле жаштарды радикалдык агымдарга азгырылуудан сактануу, мыйзам талаптарын сактоо жана коопсуз жүрүм-турум эрежелерин кармануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Последние новости