www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда чек арачылар ири мүйүздүү малды мыйзамсыз өткөрүү аракетине бөгөт коюшту.

Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-апрелде Лейлек чек ара отрядынын кызматкерлери Курук-Сай аймагында кызмат өтөп жатып, Кыргызстандын 1995-жылы туулган жаранын кармашкан.

Текшерүү учурунда анын Mercedes-Benz Gigant үлгүсүндөгү унаасынан 14 баш мал - 8 уй, 3 бука жана 3 музо табылган. Аталган жаран малды чек арадан мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылганы аныкталды.

Кармалган жаран, унаа жана мал тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилип, учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Последние новости

Ислам НАТОсу
Ислам НАТОсу
4337
11.08.2026 15:34