www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик бажы кызматынын «Баткен» бажысынын кызматкерлери УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте бажы чек арасы аркылуу прекурсорду мыйзамсыз алып өтүү аракетин аныктады.
Маалыматка ылайык, бажылык көзөмөл учурунда Өзбекстандын Таш-Төбө анклавына бара жаткан Ford Transit үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унааны Өзбекстандын жараны башкарган.
Текшерүү учурунда автоунаадан ичинде кычкыл жыты бар суюктук куюлган 20 литрлик пластик идиш табылган. Аталган зат товарды коштоочу документтерде көрсөтүлгөн эмес.
Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгында табылган зат концентрациясы 80 пайыздан жогору болгон, жалпы салмагы 29 кг 811,5 граммды түзгөн күкүрт кислотасы (прекурсор) экени аныкталган.
Бул факты боюнча материалдар УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилип, Кылмыш-жаза кодексинин 285-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштеринин алкагында Өзбекстандын эки жараны жана Кыргызстандын бир жараны кармалганы маалымдалды.
Ошондой эле Кадамжай районунун Арпа айылындагы цехте жүргүзүлгөн тинтүү учурунда кычкылдыкты камтышы мүмкүн болгон суюктук салынган 5 литрлик пластик идиш табылган. Зат соттук-химиялык экспертизага жөнөтүлдү.
Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө иштери улантылууда.