www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы бюджеттик программалык гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдө аныкталган мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишин козгоду.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө медициналык документтерге жана «Гемодиализ» автоматташтырылган маалыматтык тутумуна бир катар туура эмес маалыматтар киргизилгени аныкталган.
Анын ичинде Кыргызстандын аймагынан тышкары жүргөн жана каза болгон бейтаптарга гемодиализ процедуралары жүргүзүлгөнү тууралуу жалган маалыматтар катталган.
Ошондой эле бир эле «жасалма бөйрөк» аппаратында техникалык жактан мүмкүн болбогон бир нече гемодиализ сеанстары бир убакта көрсөтүлгөн учурлар аныкталган.
Мындан тышкары, айрым жеке медициналык уюмдар лицензияда көрсөтүлгөн мүмкүнчүлүктөн ашык көлөмдө кызмат көрсөткөнү белгилүү болгон.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, мыйзам бузуулардын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 226 млн 967 миң сомду түзгөн.
Бул факт боюнча жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») жана 348-беренеси («Шалаакылык») менен кылмыш иши козголду.
Учурда иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.