www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткенде алимент төлөөдөн баш тарткан жаран эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматы билдирет.
Баткен облустук соту алимент төлөөдөн качкан М.У.Ж. аттуу жаранды 2 жылга эркиндигинен ажыратты. Ал 2022-жылдан 2025-жылга чейин 313 миң 833 сом төлөгөн эмес.
Сот аткаруучулардын эскертүүлөрүнө карабай, соттун чечимин аткаруудан баш тарткандыгы үчүн ал Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси ("Ата-энелердин балдарын багуудан качуусу") боюнча күнөөлүү деп табылып, сот залынан камакка алынды.