www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен шаарындагы Кызыл-Дөң кварталында жайгашкан №4 орто мектепте элдик жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Баткен шаарынын мэри, ШИИБдин кызматкерлери жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен ШИИБдин милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маалымат беришти. Ошондой эле жарандарды алдамчылык кылмыштарынан сак болууга, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга чакырып, тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жыйындын катышуучулары тарабынан милиция кызматкерлерине суроолор берилип, аларга канааттандырарлык жооптор берилди. Иш-чара тынч жана уюшкандыкта өтүп, милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө карата терс пикирлер айтылган жок.

 

Последние новости