www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Самаркандек айыл аймагында жайгашкан М. Салихов жана М. Кадыр атындагы билим берүү мекемелеринде К. Шадыбеков атындагы айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүлөрү тарабынан профилактикалык иш-чара жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын алкагында окуучулардан мектеп рекети, коркутуу жана зордук-зомбулук фактыларынын алдын алуу максатында анонимдик анкеталар алынды. Ошондой эле окуучуларга мындай көрүнүштөрдүн кесепеттери, мыйзам алдындагы жоопкерчилик жана коопсуз жүрүм-турум эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындай иш-чаралар өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу максатында мындан ары да улантылат.